Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Н. Жапаровго
Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүндөгу Кара-Дыйкан айылынын тургундарынан
Кайрылуу
Биз Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүндөгу Кара-Дыйкан айылынын Изреков Маташим көчөсүнүн тургундарынын кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө:
Биздин айылда көптөгөн көчөлөрү ачылып жатат. Бирок биздин Изреков Маташим көчөсүндө 25 түтүн жашашат, жолубуз ачылбай жатат. 30-жылдан бери кайрылып келебиз үнүбүз эч жерге жетпей келет. Себеби Камбарова Гулмиранын туугандары органда иштегендиктен. Ген планда жол бардыгына карабастан Камбарова Гулмира билип туруп үй салып алган.
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Сизден өтүнүп көптөн-көп суранарыбыз ушул биздин жол масалебизди мыйзам чегинде карап чечип беришиңизди. Эми бир гана үмүтүбүз сизде.
Сизди терең урматтоо менен ушул Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүндөгу Кара-Дыйкан айылынын Изреков Маташим көчөсүнүн тургундары.
14.04.2026
]]>